Депутат Анвар Артыков: "Айылдык, райондук же облустук башкаруучу органдын бирөө жоюлушу зарыл"

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жооп берди.

Артыков, жергиликтүү башкаруу тармагы реформа жүргүзүүгө муктаж экенин айтты.

"Негизинен жергиликтүү башкаруу тармагы реформага муктаж. Айылдык, райондук же облустук башкаруучу органдын бири жоюлушу зарыл. Өкмөттүн облустагы өкүлү деген туура эмес болуп калган, анын ыйгарым укугу болуш керек. Эгер районду жоё турган болсок, анда айылдарды бириктирип, чоңойтуп, өзүнчө аймактык орган түзүү кажет. Негизи эле жергиликтүү башкаруу тармагындагы баскычтардын бирин жоюш керек. Бул маселеде 20 жылдан бери ар кандай варианттар каралып келет, бирок жыйынтык чыга элек.

Эң башкысы, башкаруучу орган азайышы зарыл, себеби алардын ар бири аткаминер болуп эсептелет. Ошондуктан укугун көбөйтүп, санын азайтыш керек. Бир нерсени белгилеп коёюн, мисалы, кээ бир райондордон 3-4 эсе чоң айрым айыл өкмөттөрү бар. Ошондуктан бардык аймакта эле кыскартууга баруу керек деп айта албайм, ошол аймактын шартына карап башкаруу органын түзүү зарыл", - деди Артыков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Кенжебек Бокоев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан