Талас облустук жол тейлөө кызматынын жумушчуларына маяна берүү кечиктирилүүдө. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" бүгүн, 20-августта билдирди.
Анын айтымында, учурда жумушчулар июль айынын айлыгын ала элек.
"Мындай абал ай сайын кайталанат. Өз убагында айлык алуу дегенди дээрлик бир жылдан бери көрө элекпиз. Кээде 2 айда бир жолу маяна алабыз. Азыр окуу жылы башталганга аз калды, балдарды окууга даярдаганга акча жок отурабыз, мындай көйгөй ар бир айда кайталанат. Эмне үчүн иштеген кызматкер, жумушчулардын айлыктарын өз убагында төлөй алышпайт?" - деп суроо салган ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.