ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте 28 жаштагы жаран айылдашы тарабынан бычакталып каза болду" дейт окурман

Бишкекте 28 жаштагы жаран айылдашы тарабынан бычакталып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Кулиев көчөсүндө катталган.

"Каза болгон жаран менин кошунам болот. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген. Окуя болжол менен саат 11:30 чамасында орун алды. Анда такси күтүп турган жеринен өзүнүн айылдашы бычак менен сайган. Окуя болгон жерде жабырлануучу жаран каза болуп калган", - деди окурман.

Ушул эле маалыматты дагы бир окурман кабарлады. Келип түшкөн бул билдирүүнү Бишкек ШИИББи азырынча тастыктай элек.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан