Бүгүн, 5-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Бишкектеги расмий сапарында Түрк делегациясы Кыргыз бийлигине ФЕТӨ уюмуна катышы бар деп 130 адамдын тизмесин берди деген маалымат тарады. Түркиялык Haberturk сайты жазган маалыматка таянсак, 130 адамдын ичинен 13 адам Түркияны өзгөчө чочулатат. Ал эми Хюрриет гезитинин журналисти Ханде Фырат Кыргыз өлкөсү ФЕТӨ уюмунун канчалык коркунучтуу экенин билбей жатат дейт. 130 адамдын аты-жөнү, жашаган дареги, кайда иштээри, бүт маалымат Кыргыз тарапка берилгенин айтат журналист. Расмий Анкара жана Бишкек бул маалыматты ырастап же төгүндөй элек.
Түркиялык Sabah гезити Эрдоган Бишкектеги сапарынан кайтып келатып учакта журналисттер менен пикир алышты деп жазат. Анда Түркия лидери "тилекке каршы, Кыргызстанда ФЕТӨ олуттуу деӊгээлде иш жүргүзүүдө. Алар аскердик түзүмдөн тарта сот системине чейинки мамлекеттик институттарга кирип кетишкен. Алар атүгүл саясатчыларды коркутуп алышкан. Биз Кыргыз өкмөтүнө ФЕТӨ канчалык коркунучтуу экенин түшүндүрдүк. Бул уюмдун билим берүү аракети тезинен токтотулушу керек" деген.
Муну Түркиянын "Себат" лицейлерин, Ата-Түрк Ала-Тоо өңдүү билим берүү мекемелерин жаптыруу талабы күчүндө калды деп түшүнүүгө болот. ФЕТӨнүн айрым мүчөлөрү Кыргыз бийлигинде отурганын 2 жыл мурун Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да айтып чыгып, Кыргыз жеринде сынга кабылган.
Түркия жетекчилигинин мындай эскертүү, талаптары учурунда Кыргыз бийлиги тарабынан башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алынган. Азыркы күндө деле кыргыз саясатчыларынын көбү сапаттуу билим берип келе жаткан "Себатты" жабууга негиз жок деген пикирде.
ФЕТӨ – Фетхуллах Гүлендин террористтик тобу деген аталыш 2016-жылы Түркияда аскердик төӊкөрүш аракетинен кийин пайда болгон. Фетхуллах Гүлен - түрк дин аалымы, "Хизмет" руханий кыймылынын лидери. 19 жылдан бери АКШда жашап жүргөн Гүленге Түркиянын колу жетпей келе жатат. Мына ушундан улам Эрдоган ФЕТӨ уюмунун артында АКШ турат деп келет.
2016-жылы Түркияда аскердик төӊкөрүш аракети болуп, кагылыштан 250 адам каза болгон. 18 айга созулган өзгөчө кырдаал учурунда Түркияда жалпы 160 миӊдей адам кармалып, бүгүнкү күнгө карата 2380 адам соттолду. Президент Эрдоган бул иштин артында Фетхуллах Гүлен турат деп жарыялап, өлкөдө "Хизмет" кыймылы "террористтик" деп табылган. Ушул окуядан бери дин аалымы Түрк бийлигинин башкы душманы. Эрдогандын буйругу менен Түркияда Гүленге тиешеси бар деген 1043 жеке менчик мектеп, 1200гө жакын фонд, 35 медициналык мекеме жабылган. Бул толкун Кыргызга чейин жетип, аягы Кыргыз-Түрк алакасына жарака түшүрүү менен аяктады. Өлкөбүздө Гүлендин ысымы "Себат", "Silk roud" мектептери жана Ата-Түрк Ала-Тоо университети менен байланыштуу. "Себат" өлкөдө 1992-жылы ишин баштап, учурда анын аймактарда 16 лицейи, Бишкекте 3 мектеби иштейт. Жалпы 922 мугалим сабак берип, 11 миӊден ашык окуучу билим алууда. Ачылгандан бери лицейди 12 миӊдей адам бүтүргөн.
2016-жылы Түркиядагы төӊкөрүш аракетинен кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыздан "Себатты" жабууну талап кылып, "Хизметчилер" Кыргыз өлкөсүндө да төӊкөрүш кылышы мүмкүн деп чыккан. Анда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев "Түркия Кыргыздын ички ишине кийлигишпесин" деп кескин жооп кайтарган. Деген менен Атамбаев баштаган Кыргыз бийлиги кайсы бир деңгээлде түрктөрдүн талабынын жетегинде калып "Себаттын" аталышы "Сапат" деп өзгөртүлүп, Билим берүү министрлиги лицейди негиздөөчүлөр курамына киргизилген. Ушул окуя атып түшүрүлгөн орус учагы боюнча Атамбаевдин сөзүнөн улам жарака кетип турган Кыргыз-Түрк алакасын ого бетер бузган. Арадан 2 жыл өттү, Кыргызда бийлик алмашты. Мындан улам Түрк бийлиги убактылуу тайм-аут алган алаканы жандантып, гүленчилерге каршы аракетин күчөтө баштады. Быйыл апрелде президент Жээнбеков Түркияга расмий иш сапары менен барган. Анда Эрдоган Жээнбековду Кыргыз жериндеги гүленчилерге каршы күрөшүүгө үндөгөн. 1-сентябрда Эрдоган Бишкекке расмий иш сапары менен келип, президент Жээнбеков менен жолугууда ФЕТӨ темасын дагы козгоду. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул маселе бийликтин көзөмөлүндө экенин, өнөктөш Түрк өлкөсүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө жол берилбей турганын, андай адамдар катуу жоопко тартыларын айтты.
Эрдогандын Гүленчилер боюнча талаптарына башка өлкөлөр кандай жооп кылып жатышат? Тажикстан менен Өзбекстанда Гүленге таандык делген түрк лицейлери 2016-жылга чейин эле жабылган. 2016-жылы Казакстан түрк лицейлеринин атын "Билим инновация мектеби" деп өзгөрттү. Ал эми Түркмөнстанда "Хизмет" менен кызматташкан деп ондогон мугалимдер кармалган. 2016-жылы Азербайжанда "Хизмет" каржылайт делген "Кавказ" университети жабылган. 57 мамлекет, анын ичинде Кыргыз өлкөсү мүчөлүгүндө турган Ислам кызматташтык уюму 2016-жылы "Хизметти" террористтик деп тааныган.
Ушул жылы эл аралык уюмдардын чакырыгына карабай Казакстанга жарандык активист Тунгышбаев өткөрүлүп берилди. Бул иши үчүн прокуратура менен сот тармагы, аларды көзөмөлүндө кармап турган бийлик сынга кабылды. Тунгышбаевдин окуясынан улам Түркиянын талабы да аткарылабы деген суроо жаралат. Анда Кыргыз дүйнөлүк коомчулукта өз алдынча мамлекет катары жүзүн сактап кала алабы? Дегеле "Хизметчилердин" же түрктөр террорчу деп атап жаткан ФЕТӨнүн Кыргыздын коопсуздугуна канчалык коркунучу бар? Мындай маалымат менен УКМК баш болгон тийиштүү мамлекеттик органдар коомчулукту кабардар кылышар...
Мамлекеттик гимнди туура эмес аткарып талкууга түшкөн Жогорку Кеӊештин депутаты Пархат Тулендыбаев социалдык тармактар аркылуу элден кечирим сураган текст жана Кыргыз желегинин алдында калпакчан туруп гимнди аткарган видеосун жарыялады. Депутат гимнди жаӊылыш ырдаганы үчүн өкүнүп жатканын айтып, мындан ары аны кынтыксыз аткарууга сөз берди. Кечээ журналисттер күтүүсүз микрофон сунуп, депутаттардан өлкөнүн гимнин канчалык билерин сурап көрүшкөн. Анда Тулендыбаев гимнди таптакыр башка сөздөр менен ырдап берип, коомчулукта катуу сынга кабылган эле.
Саясатчылар, жарандык активисттер депутаттардын гимнди жатка билбегени боюнча ар кандай пикирде. Парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов менен "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламент депутатынын өлкө гимнин жатка билбегени уят дешет. Ал эми журналист Турат Акимов депутаттардын гимнди билбей калышын трагедия катары көрбөш керек, сураштыра келсеӊ элдин жарымы гимнди жаттабаган болуп чыгышы мүмкүн дейт. Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттик гимндин 4 сабын жөндөп айтып бере албаганына коомчулук катуу чычалады, капа болду, күйдү. Бирок мындай иштерге бийлик азырынча баш оорутпай келе жатат. Мамлекеттик тилде 2 сүйлөмдү эптеп кошо албаган адам баш калаага мэрликке коюлду, мамлекеттик органдардын, Ак Үй менен Көк Үйдүн иш кагаздары, расмий кабарлары буга чейин кандай болсо азыр деле ошол бойдон, орус тилинде жазылып, анан эжелеген эптемей тилде кыргызчага которулуп келе жатат...