Кыргыз мамлекети түрк лицейлерин жабуу талабы боюнча Түркияга жооп кайтарып, өлкө ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганын билдирди

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги түрк лицейлерин жабуу талабы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Бүгүн, 25-июлда КРнын Тышкы иштер министрлиги атайын маалымат таратты. Анда Кыргыз мамлекети ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганы баса белгиленген.

"Түркия - Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар өлкө. Биз Түркиянын расмий өкүлүнүн тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алабыз. Аны менен бирге Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жете турганын эскертип кетүү керек. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министринин башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын туура эмес деп баалайбыз. Биз муну ультиматум же шантаж катары кабыл алабыз. КРнын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жиберген катты алды. Кыргыз тарап ал катты дыкат карап чыгып чечим кабыл алат. Башка маселелер боюнча белгилүү бир укуктук нормалар бар, бирок мунун баарын мамлекеттин ички иши деп эсептейт", - деп айтылат министрликтин жообунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан