Журналист Турат Акимов: "Депутаттын гимнди билбей калуусун трагедия катары кабыл алуунун кажети жок"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна Журналист Турат Акимовдун берген жообу төмөнкүдөй болду.

Акимовдун айтымында, гимнди билбей калууну трагедия катары кабыл алуунун кажети жок.

"Гимнди билбей калуу чоң деле күнөө эмес да, өзүнчө саясий трагедия кылыштын эмне кереги бар? Болгону көңүл буруп, кунт коюп уккан эмес, башка иштери менен алек болуп жүргөндүр. Кыргыз мамлекетине сөзсүз гимнди жаттап алган адам керекпи? Сураштыра келсек элдин жарымы билбей, жаттабай калышы мүмкүн. Адам баласы негизи жумуш менен бааланат, өзүнүн жумушун мыкты билсе, так аткарса ошол өлкөгө кошкон салымы болот. Депутаттар деле өлкөгө кызмат кылып жатат, салыктарын төлөп жатат, ар ким өз деңгээлине жараша кызматын кылып жатат. Эми аларды гимнди ырдабайт деп атып салабызбы?" - деди Акимов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан