Бүгүн, 5-сентябрда "Элдик кабар" рубрикасына бир катар окурмандардан мектептерде окуучуларга бир жылга берилип жаткан китептердин ижара акысы боюнча билдирүү келди. Алардын билдирүүсүнө караганда, бул жылы окуучулар китепти бир жылга пайдаланууга алуу үчүн 25 сом төлөйт. Бир балага орто эсепте он китеп алынат. Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бул баа кымбат.
"Балам келип ар бир китепти алганыбыз үчүн 25 сомдон төлөйт экенбиз деди. 10 китеп алса 250 сом кетет экен, төрт баласын окуткандар китептин ижарасы үчүн эле 1000 сом төлөшөт", - экен деди окурман.
Дагы бир тургун: "Ак-Ордо жаңы конушундагы №96-мектепке 2 баламды киргизген элем. Буга чейин мектептин жамааты мектепте китеп жетиштүү деп айтышкан.
4-класстагы балама мугалими "англис тилинен башка китеп жок, сатып алып бергиле" деди. Дагы бир балам 7-класста окуйт, анда да ушул көйгөй. 3-4 баласы окуган ата-эне эмне кылат? Жылда 4-5тен китеп сатып берчүбүз. Өткөн жылы №77-мектепте окуп жатканда 3-класстар окуган 10 китепти сатып алганбыз. Быйыл ошол китептерди башка 3-класстарга берели десек, көп китептери өзгөрүп кеткен", - дейт.
Мындан тышкары Шамалды-Сай шаарындагы №8-мектепте билим алган окуучуга таптакыр тытылган китептер берилгенин жергиликтүү тургун кабарлап, мындай китепти окуучу кантип пайдалана алат деген суроосун салган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.