"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Абакан шаарында Кыргыз жаранын белгисиз адамдар өлтүрүүгө аракет кылган" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Анын айтымында, сабалган Кыргыз жараны комада бир нече күн жатып, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бирок жакындарын тааныбай, эсине келе албай жатыптыр.
"Хакасия Республикасынын Абакан шаарында 30-август күнү Кыргыз жаранына белгисиз адамдар кол салышкан. Кол салгандар Кыргыз жаранына телефон чалып, Черногорск кичи шаарчасына чакырган. Алар жолуккан учурда жердешибизге алгач химиялык уулуу зат ичирген, андан соң зымдын изоляциясы менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылышкан. Жабырлануучу эсин жоготуп жатып калганда кол салгандар каза болду деп качып кетишкен. Аны жолдон өтүп бараткандар көрүп калып "Тез жардам" кызматын чакырган. Ал Черногорск кичи шаарчасындагы оорукананын неврология бөлүмүндө жатат. Абалы өтө оор болуп, бир апта комада жатты. Палатага которулганына 4 күн болду. Бирок баш мээсине доо кеткендиктен сүйлөй албайт, жакындарын дагы тааныбай жатат", - дейт окурман.
Окуя тууралуу полиция кызматкерлерине кайрылганда укук коргоочулар суицид деп карабай жатканын кошумчалап буларга токтолду.
"Окуя катталгандан кийин полиция кызматкерлерине кайрылсак, алар суицид деп карабай койду. Мындан улам биз прокуратурага арыз жаздык. Белгисиз адамдардын ур-токмогуна кабылган киши аялы, 2 баласы менен Хакасияда жашайт. Аялы Орусиянын жараны. Жабырлануучу өзү жашаган аймакта кыймылсыз мүлк агенттигин ачып, иштетип жүргөн. Ким жана кандай максатта кол салганы белгисиз. Биз бул окуядан кийин Кыргыз өкүлчүлүгүнө кайрылганбыз, бирок ал тараптан эч кандай жардам боло элек. Азыр бир нече Кыргыз жарандары чогулуп, дары-дармектерин алып бердик. Ошондой эле медициналык полиси жок болсо карабайбыз дегенинен медициналык полисти да жасатып бердик. Эми ал жакшы болуп кеткен күндө деле анын кийинки жашоосуна коркунуч бар", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.