Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат. SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун жообу төмөнкүдөй болду.
Момбеков Көчмөндөр оюндарын бүгүнкүдөй брендге айланышына Алмазбек Атамбаевдин да салымы зор болгонун белгиледи.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Кыргыз мамлекети бренд ала алды десек болот. Өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн жогорулатуу жагынан жакшы иш болду. “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей, акыркы мезгилде Көчмөндөр оюндарынын авторлору көбөйдү. Айрымдар Асхат Акибаев десе, айрымдар Сапар Исаков деп жүрүшөт. Мен билгенден, Көчмөндөр оюндарын иштеп чыккан Максат Чакиев деген жигит болчу. Кийин ал жигиттин аты аталбай кетти.
I жана II Көчмөндөр оюндары өткөрүлбөсө III Оюндар ушундай максатка жетет беле, кеп ошондо. Биринчи өткөрүлүп жатканда, канча каршылыкка карабай Алмазбек Атамбаевөткөргөн, экинчиси дагы саясий кырдаалга карабай өткөрүлдү, эл ыраазы болду. “Ала кушту атынан ата” дегендей, башында эң чоң эмгеги бар Максат Чакиевди, азыр айыпталып жаткан Сапар Исаковду, ошол учурда эмгек кылган мурунку өкмөттөгүлөрдү да белгилеп коюш керек.
Азыркы бийлик III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрдү, бул талашсыз маселе. Бирок Көчмөндөр оюндарынын калыптанып, ушундай жогорку деңгээлде өтүшүнө салымы бар адамдардын аттарын атабай жатканыбыз бир аз өкүндүрдү. Аттарын атап, белгилеп койсок деле болмок. Көчмөндөр оюндарынын калыптанышына негизги салымын кошуп, экономикалык кыйынчылыктарга карабай, канча каршы пикирлерге чыдап 1-2-көчмөндөр оюндарын өткөргөн Алмазбек Атамбаевдин аты аталышы керек. Жеңил болуп калгандан кийин жеңишке биз эле жеттик деген туура эмес”, - деди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Кожобек Рыспаев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.