Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына талапкер сунуштоо үчүн көпчүлүк коалициясынын лидерлери чогулат

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына талапкер сунуштоо үчүн көпчүлүк коалициясынын лидерлери чогулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына көпчүлүк коалициясынын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

"Бүгүн көпчүлүк коалициясынын лидерлерин жыйынга чакырып жатам. Аларга жыйынга келишсе, шаардык кеңештин төрагасына талапкер сунуштоо боюнча сүйлөшөбүз. Лидерлер жыйынга келбей калышса, анда коалициядагы бардык депутаттарды жыйынга чакырам. Кворум жок болсо "Кыргызстан" фракциясынын лидери катары кезексиз жыйын өткөрүү боюнча кат жазам", - деди Сагынов.

17-августта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

"Кыргызстан" фракциясы төрагалыкка Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштаган. Кубанычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Таалайбек Сариевдин талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан