Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына "Өнүгүү-Прогресс" Таалайбек Сариевдин талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн

Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Таалайбек Сариевдин талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселе каралып жатат.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жүрүп жаткандыктан фракция жыйынга чогула электигин айтты. Усубалиев билдиргендей, КСДП 5-сентябрда жыйынга чогулуп, талапкер сунуштоо маселесин карайт.

"Кыргызстан" фракциясы төрагалыкка Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштаган.

17-августта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

Кубанычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан