Укук коргоочу Динара Ошурахунова: “Акыйкатчы сын айтуудан коркпогон, өзү да сынды көтөргөн адам болушу керек”

Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова өз оюн айтты.

Ошурахунова акыйкатчы болууга ар бир чоң же майда иште өз пикирин коркпой айтып, акыйкаттыктын сакталышын камсыз кылган адам татыктуу деп эсептейт.

“Мен жеке бир адамды айта албайм. Анткени учурда Рита Карасартова өзүн көрсөтүп жатат, Клара Сооронкулова да бар, Канатбек Азиздин талапкерлиги аталган. Эми акыйкатчы боло турган адам билимдүү, мыкты менеджер, сынды айтуудан коркпогон, өзү да сынды көтөргөн адам болушу зарыл. Ошондой эле бийлик, парламент менен иштеше алышы керек. Акыйкатчы болгондо чиновник катары эле арыздарды карап отура бербей, өлкөдөгү саясатчы же журналист жана башка жарандарга куугунтук болгондо коркпой айтып чыккан адам болушу керек. Мен жогоруда белгилеген адамдардын ар бири татыктуу деп эсептейм”, - деди Ошурахунова.

Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан