Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында акыйкатчы кызматына талапкер чыгаруу маселеси каралып жатат. Фракция лидери Иса Өмүркулов 9 талапкерден документ келип түшкөнүн айтты. "9 талапкер документтин тапшырган, бирок Турсунбек Акундан өзүнүн талапкерлигин алуу боюнча арыз түштү", - деди Өмүркулов.
Анда депутат Улан Примов фракция бир талапкер чыгарууну сунуштады. Ал Токон Мамытовдун талапкерлигине токтолуу керектигин айтты.
Депутат Мухтарбек Айнакулов Токон Мамытов мурун УКМК да иштегендиктен эл аралык институттар тарабынан суроолор жаралышы мүмкүн деген пикирин айтты. Ошондой эле Айнакулов Мамытовдун пенсияга чыгуу убактысы келип калганын эске салды.
Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет.
Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаган. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев, укук коргоочу Рита Карасартова талапкер болуу үчүн документин тапшырган.
Токон Мамытов SUPER.KG порталына документ тапшырбаганын айткан.