Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Жаңы келген президент ажыдаар болгусу келбесе, эскиден калган, булганган аткаминерлерди кубалашы керек болчу"

2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу” деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Чолпонбаев белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлер мыйзамга баш ийип кызмат кылышы керек.

"Биздин өлкөдө, тескерисинче, мамлекеттик аткаминер болуп келгендердин бардыгы президентке баш ийип, өздөрүнүн иштеринин баарын унутуп калышат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин легендарлуу жомогу бар эмеспи, үңкүрдө алтынды кайтарган ажыдаарды баатыр барып өлтүрүп, алтынга колу тиери менен өзү ажыдаарга айланат. Ошентип биздин президенттер бийликке жетери менен ажыдаарга айланып калат. Тегерегиндегилердин бардыгы ажыдаарга окшош нерселер болуп калып жатат. Жаңы келген президент ажыдаар болгусу келбесе эскиден калган, булганган, жеген, ичкен аткаминерлерди кубалаш керек болчу. Бирок ага кудурети жетпей отурат", - деди Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан