Депутат өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш качан даяр боло турганын сурады

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралууда.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш качан даяр боло турганын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

"Премьер-министр келери менен өкмөттүн түзүмүн өзгөртпөсөк болбойт экен деп айтты эле. "Коргоо министрлигин башкы штаб кылып чоң ката кетириптирбиз. Чет мамлекетке чыкканда биздин генералдарды эч ким теңине албай жатат" деп билдирген. Башкы штаб деген өрт, согуш болгондо күч органдары биригип башкы штаб түзөт. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш качан алып келесиңер?" - деп Шыкмаматов сурады.

Кубатбек Боронов: "15-сентябрда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча жетишпей калдык. Бир жарым айдан кийин алып сунушту алып келебиз. Өзгөрүүлөр бар", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан