"Аймактарды өнүктүрүү жылы деген ураан менен жүрөбүз, бирок эч жерде иш жасалган жок. Айылдарды өнүктүрүү жылында кайсы айылга жаңы мектеп курдуңар?" - деп Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков каржы министринен сурады.
“Ар бир айылга кирип бара жатканда бакыйып ураан жазылып турат. А бирок аймактарды өнүктүрө турган эч бир иш жасалган жок. Айткылачы, аймактарда канча мектеп курулду?” - деди Момбеков.
Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын суроосуна жооп бере алган жок.