Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Талас-Тараз унаажолунда жайгашкан Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра куруу долбоорун колдоду.
Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун билдиришинче, жаңы курулуп жаткан көпүрөнүн узундугу 104 метр болот. Аны Эл аралык Кызматташтыктын Япон агенттиги (JICA) ишке ашырат.
"Көпүрөнү куруу үчүн Япония гранттык негизде 16 миллион доллар бөлгөн. Алар тендерди да өздөрү өткөрүп, курулуш иштерин да өздөрү бүтүрөт", - деди Калилов.
Комитет мүчөлөрү Үрмарал суусуна курулуучу көпүрө учурда зарыл экенин айтып, долбоорду колдоорун билдиришти.