Депутат Зулушев өкмөт юстиция министри менен өкмөттүк аппараттын жетекчисине талапкерди кечигип сунуштаганын айтты

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Курманкул Зулушев өкмөт юстиция министри менен өкмөттүк аппараттын жетекчисине талапкерди кечигүү менен сунуштаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Өкмөттүн аппарат жетекчисин, юстиция министрин 14-августта жумуштан алгансыздар. Эмне үчүн кечигүү менен талапкерлер 7-сентябрда сунушталды. Юстиция министри менен өкмөттүн аппарат жетекчисин мыйзам бузуу менен алып келип жатсаңар, алардын кийинки жолу кандай болот?” – деп депутат биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон сурады.

Боронов мындай кемчиликтерди кетирбегенге аракет кыла тургандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан