Алтынбек Торутаев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалды (өмүр баяны)

Алтынбек Торутаев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалды. Мындай маалыматты Бажы кызматынан таратышты.

Торутаев буга чейин да аталган кызматта иштеп, 2017-жылдын декабрында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде кызматтан алынган.

Өмүр баяны

Торутаев Алтынбек Элимович 1977-жылдын 26-июлунда туулган.

Экономикалык жогорку билимге ээ.

2000-2007-жылдары бир нече министрликтерде экономика тармагында иштеген.

2007-2010-жылдары - Бажы комитетинин бажы төлөмдөрү башкармалыгынын ага инспектору;

2010-2011-жылдары Бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;

2011-2014-жылдары - Бажы кызматынын статистика, анализ жана божомолдоо башкармалыгынын жеткечисинин орун басары;

2014-2015-жылдары - Түштүк-Чыгыш бажысында жетекчинин орун басары;

2015-2016-жылдары - "Ош" бажысынын башчысы;

2016-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан