Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Белизгейт" боюнча маселени күн тартипке киргизүүнү сунуштады. "Бул маселени күн тартибине киргизип, башкы прокурорду, УКМКнын төрагасын чакырып маалымат алалы. "Белизгейт" чырына чекит коёлу. Мындай окуя болбош керек. Баарыбыздын абийирибизге, намысыбызга шек келет", - деди Шыкмаматов.
Ошондой эле депутат Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев дагы бул маселени күн тартибине киргизүү тууралуу сунуштарын айтты.
Жыйынтыгында бул маселе күн тартибине киргизилди. Саат 14:00дө УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор чакырылат.
2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.
Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп, анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.
14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.