Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун Кыргыз өкмөтүн сындаганын эстетти.
Ал Бельянинов "Кыргыз өкмөтүндө сүйлөшкөнгө киши жок, баш аламандык бар" деп айтканы боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жообун сурады. Абылгазиев: "Ал премьер-министрдин, өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн. Биз таза кишилер менен иштейбиз. Таза эмес кишилер болсо өз комментарийин бере беришсин", - деди Абылгазиев.