Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары көпчүлүк коалициясынан чыгууну чечти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, буга байланыштуу коалиция тарады. "Учурда жаңы коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эртең шаардык кеңештин отуруму өтүп, анда спикерди шайлоо болот", - деди Усубалиев.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинде 5 фракция бар. Алар: КСДП (13 мандат), "Республика-Ата Журт" (12), "Өнүгүү-Прогресс" (8), "Мекеним Кыргызстан" (7), "Кыргызстан" (5).