АКШнын президенти Барак Обама акыркы маектеринин биринде өлкөнүн Федералдык резерв системинин төрагасы Бен Бернанкенин (сүрөттө) кесипкөйлүгүн өтө жогору баалай турганын айтты. Обама Бернанке боюнча "бир ордунда көпкө кармалып калды, ал мындан ары алдыга жылышы керек. Жумушта мыкты жыйынтык көрсөттү, ал Ак үй үчүн эң жакшы өнөктөш болду",- деп билдирери менен журналисттер анын АКШнын кийинки президенти болушу мүмкүн же жок экендигине кызыгышты. Бирок Обама анын президенттикке талапкерлиги тууралуу суроого жооп берүү гана эмес, ал тууралуу бир нече мүнөт мурда айткан сөзүн кайталабай койду. Айта кетсек, Бернанке азыркы ишинде экинчи мөөнөттө иштеп жатат, анын кызматтык мөөнөтү 2014-жылдын январь айында аяктайт.