Исхак Масалиев: "Бүгүнкү күндө соттор киллер сыяктуу аткаруучу болуп калды"

"Бүгүнкү күндө соттор киллер сыяктуу аткаруучу болуп калды" деген оюн бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди. Парламентте Жогорку Соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталынын талапкерлиги каралууда.

"Текебаев, Жапаров, Кадыров өңдүү аты чыгып калган саясатчыларга баарыбыз билгендей чечимдер чыгарылды. Ушул адамдарга сыртта жүргөнүнө карабай, бир адамдын эле көрсөтмөсү менен чечимдер чыкты. Булар 2010-жылы революцияга катышкандар, таанымал саясатчыларга ушундай чечим чыгарылган болсо, карапайым элге кандай чечим чыгып жатат, биз билбейбиз. Бизге көптөгөн каттар түшүп жатат. Демек, бүгүнкү күндө соттор киллер сыяктуу аткаруучу болуп калды.

Бийлик ушундай сотторду кантип тарбиялайт? Мисалы, Жаңыл Мамбеталынын баласын кармалып, кийин анын кылмыш иши кыскартылган. Мен ал ишти бекер сураган жокмун. Бийлик сотторду ушинтип кармайт, кийин каалаган учурда ал ишти кайра ачып коёт. Жаңыл Мамбеталынын илинчеги ушул жерде, ушул жеринен кармай беришет", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан