Депутат Масалиев: "УКМКнын мурунку төрагасы Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керек"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"УКМКнын мурдагы төрагасы биздин алдыбызга жалган маалымат берип жаткан экен. Расмий түрдө алынбаган кагазды көрсөтүптүр. Бул жерде кылмыш көрүнүп турат. Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгош керек. Жок дегенде Жогорку Кеңешке калп маалымат берген үчүн Башкы прокуратура бир факты боюнча жыйынтык чыгаруусу зарыл", - деди Масалиев.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев учурда кошумча текшерүү ишин жүргүзүп жатканын айтты.

2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан