Парламентте "Ата Мекен" менен КСДПнын депутаттары кайым айтышты

Парламентте "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов менен КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина "Мегаком" маселеси боюнча кайым айтышты. Парламентте УКМКнын жетекчиси менен башкы прокурордун орун басары "Белизгейт" боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Ирина Карамушкина сөз алып, УКМКнын жетекчисинен "Мегакомдун" айланасында коррупциялык иштер болгонбу?" деп сурады.

"Мени кызыктырган суроо "Мегакомдун" айланасында коррупциялык иштер болгонбу? Мага Раушан Рыкунова өзү кайрылып, "Мегакомдун" айланасында коррупциялык иштер болгонун айткан. Канчалаган судьялар сатып алынганын, ошондой эле ал жерге тиешеси барлардын катарында Текебаевдин (ред.Өмүрбек Текебаев) да атын атаган. 5 жыл түрмөдө отурган адам дагы жалган айтуу менен кесилүүнү каалабаса керек? Силер бүгүнкү күнгө чейин анын айткандары боюнча материалдарды тергөө ишине колдонбой жатасыңар", - деди Карамушкина.

Ага жооп катары "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов сөз алып, Карамушкинага жооп кайтарды.

"Ирина Юрьевна, (ред.Карамушкина) жалган сүйлөбөңүз. Раушан Рыкунова бир да жолу Текебаевдин атын атаган эмес. Ал Атамбаевдин (ред.Алмазбек Атамбаев), УКМКнын жетекчисинин, соттордун атын атаган", - деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан