Момбеков: "Сегизбаевге "Белизгейт" боюнча шек бар дегени үчүн ага кылмыш ишин козгош керекпи?"

"Аида Салянова учурунда "Ата-Журттун" депутаттарынын жарымын камап койгон, алардын бири да "репрессия болду, саясий куугунтук болду" деп айткан эмес" деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтты. Бүгүн, 19-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында УКМКнын төрагасы менен Башкы прокурордун орун басары "Белизгейт" боюнча маалымат берүүдө.

"Бүгүнкү күндө ар кыл нерсени айтып эле шоу кылып жатабыз. УКМК менен Башкы прокуратураны чакырып сураганда деле майнап чыкпайт, кимге кылмыш ишин козгойт. Абдил Сегизбаев деле бул жерде отуруп "шек бар, бирок биз ала албай койдук" деп айткан. Ал "буларга таандык үлүш бар экен" деп айткан жок да, "аракет болгон" деп айтты. Ошону аракет болгон деп айтып койгону үчүн кылмыш ишин козгош керекпи? Эми бул жерде саясий куугунтук кылган деп жатасыңар. Акаевдин, Бакиевдин тушунда саясий куугунтук болгон жок беле? Аида Салянова учурунда "Ата-Журттун" депутаттарынын жарымын камап койгон, алардын бири да "репрессия, саясий куугунтук болду" деп айткан эмес. Репрессия качан болгонун билип алсаңар, акыркы 3 жылда эле Атамбаев баарын камап салды дебей. Анда бүгүнкүлөр да эртең саясий куугунтук болду деп айтат. Элдин башын айландырбай ачык маалымат айтсак", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан