"Мен убагында Белизден келген документтерди Максим Бакиев гана жөнөтүп койгонун айткам" деп бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев айтты. Парламентте УКМКнын төрагасы менен баш прокурордун орун басары "Белизгейт" боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
"Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы куру дооматтан кутулушу менен куттуктайм. Мен Максим Бакиев 2 барак кагаз жөнөтүп коюп, үстүңөрдөн күлүп отурат деп учурунда айткам. Мына эми ошол кагазды оппозиция-позиция болуп талашып-тартышып отурабыз. Ал азыр да күлүп отурат. Бизде бир мамлекетке эмес, бир адамга кызмат кылган адамдарды кызматка коё берип ушул күнгө жеттик", - деди Акаев.