БУУнун адам укуктары комитети экс-депутаттын жана журналисттердин арызын кабыл алды

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова жана "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн арызын кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экс-депутат өзү билдирди.

Анын айтымында БУУнун комитети Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимди качан карап баштаары азырынча белгисиз.

“Биз берген арызды өз карамагына алышты, бирок качан карап баштаары азырынча белгисиз. Иштин ар бирин текшерип чыгуу үчүн көп убакыт талап кылынат”, - деди ал.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Сот "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.

Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн арестке алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.

Ушул жылдын май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана экс-депутатка каршы доо арызын чакыртып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан