Депутат Орозова: "Миграцияда жүргөн мекендештерибиздин 80 пайызы Баткен облусунан кеткен жарандар"

Миграцияда жүргөн мекендештерибиздин 80 пайызы Баткен облусунан кеткен жарандар. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга аталган аймактагы жумушсуздук маселесинин курч тургандыгы себеп. "Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводунун талашка түшкөн маселеси да кайсы бир аткаминердин кызыкчылыгынан эле чыгып жатат. Бул маселеде да элге калыс чечим чыгарып берүү керек. Ошондой эле аталган облустагы мектептердин басымдуу бөлүгү ашар жолу менен курулгандыктан, типтүү мектептер жокко эсе. Капиталдык курулуштардын тизмесине киргизилген мектептердин курулушу эмдигиче башталбай жаткандыгы бул - чоң кайдыгерлик", - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан