Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулушту. Күн тартибинде шаардык кеңештин төрагасын шайлоо каралган. Анда "Кыргызстан" фракциясы төрагалыкка Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштаса, "Өнүгүү-Прогресстен" Таалайбек Сариев көрсөтүлүп жатат. Учурда шайлоо өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясы түзүлдү. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирди.
Айта кетсек, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 27-августта БШК тарабынан анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган эле.