Бизнес менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды салыктан бошотуу демилгеси көтөрүлдү

Бизнес менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды салыктан бошотуу демилгеси көтөрүлдү. Мындай сунушту бүгүн, 4-июлда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен болгон жолугушууда бейөкмөт уюмдардын жетекчилери айтышты. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кышка карата көмүр жана отун жагынан жардам берүү сыяктуу бир катар сунуштарын билдиришти. Өз кезегинде министр сунуштарды жазуу түрүндө берүүнү өтүнүп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жакын арада жооп берерин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан