Депутат Иса Өмүркулов: "Сотторго элдин 73 пайызы ишенет деген өтө жогору көрсөткүч"

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жооп берди.

Иса Өмүркулов сотторго болгон ишеним боюнча сурамжылоого жарандар түшүнбөй калган болушу мүмкүн дейт.

"Бул сурамжылоо кандай негизде болгон? Жарандар суроого түшүнбөй жооп берип коюшу мүмкүн. Сотторго 73 пайыз ишенет деген өтө жогору көрсөткүч. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, сот бийлиги саясатташып кетти. Албетте, бул туура эмес. Соттор үчүн биринчи кезекте эң ыйык - бул Конституция. Мыйзамдан бийик нерсе болбошу зарыл. Эгерде ошонун баары так сактала турган болсо сөзсүз түрдө сот бийлигинин аброю жогорулайт", - деди Өмүркулов.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юристтер Канат Хасанов, Шарабидин Токтосунов, Нурбек Токтакуновдун пикирилери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан