КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков 10 күндүк эмгек өргүүсүнө кетерин жарыялады

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 10 күндүк эмгек өргүүсүнө кетет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын эмгек өргүүгө кетиши 2016-жылы парламенттеги "Белизгейтке" байланыштуу "кызматтан кетем" деген сөзү коомчулук тарабынан талкууланып жаткан учурга туш келди. Карыпбеков болсо өргүүгө чыгуусунун себебин ачыктаган эмес.

“Урматтуу достор! Эртеңки күндөн баштап кезектеги 10 күндүк эмгек өргүүсүнө чыгуудамын. Бул учурда КТРКда башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Жумабекова калууда. Бардык суроо, арыз, иштериңиз боюнча катардагыдай эле кайрылууңуздарды суранам. Мен телефон, интернет аркылуу байланышта кала бермекчимин", - деп жазды Карыпбеков.

Эске салсак, 2016-жылы 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Белизгейт" чуусу кызуу талкууланган. Анда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев КТРКнын башчысына кайрылып, эгерде Өмүрбек Текебаевге, Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага тагылган айыптар далилденбесе, ал кызматтан кетүүгө даярбы деп суроо узаткан.

Карыпбеков бул суроого дароо жооп бербей койгон. Кийин ал "ата мекенчи" Айсулуу Мамашевага жооп берип жатып, Иманалиевдин суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарган. "Мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарга ылайыгы келип калса, албетте, кызматтан кетем. Мен бул жерге келгенде түшүнгөм, ар бир сөздү текшердимби же текшербедимби, баары бир мен ошого жооп береримди билгем. Мени жооптуу кишилер ошол жерге ишенип койгондон кийин, мен жоопкерчиликти моюнум менен тартам, өзүмдүн керт башым менен тартам", - деген Карыпбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан