Кочкор районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өттү

Кочкор районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда SUPER.KG порталына коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов билдирди.

"Аймактарда өткөрүлүп жаткан жыйындардын максаты ар бир райондон күзүндө өтүүчү партиянын республикалык курултайына делегаттарды дайындоо болуп саналат. 29-сентябрда Талас облусунда уюштуруу комитети кезектеги "КСДП Атамбаевсиз" деген жыйынын өткөрүүнү талкуулайбыз. Буга чейин мындай жыйындар Чүй, Жалал-Абад облусунда өтүп келген", - деди ал.

Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Москва, Панфилов, Сокулук жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.

Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан