Кечээ, 24-сентябрда депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары чет өлкөгө окууларга көбүнчө өздөрү чыгат деген пикирин айткан. Ошондой эле эл өкүлү алар көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы министрдин орун басары Лунара Мамытова бул кызматка келгени үч жолу гана чет мамлекетке чыкканын билдирди. “Лунара Мамытова аталган кызматка 2016-жылдын 15-ноябрында дайындалган. Бул аралыкта ал үч жолу гана чет мамлекетке чыккан. 2017-жылдын 18-29-сентябрына чейин Италиянын Турин шаарына Эл аралык эмгек уюмунун 7-сессиясына катышуу үчүн барган. 2018-жылы 30-апрелден 11-майга чейин АКШда өткөн социалдык коргоо тармагы боюнча курска катышкан. Аталган иш-чараларга Лунара Мамытова чакырылып, бардык чыгашаларды чакырган тарап төлөгөн. Курстар англис тилинде өткөрүлгөн. Лунара Мамытова Хайнань аралына баруу үчүн дипломатиялык паспорт колдонгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мамытова ал жакка эмгек өргүү учурунда өзүнүн каражаты менен барган. Ал өзүнүн сапарлары тууралуу жетекчиликке алдын ала эскертип койчу”, - деп жазылат маалыматта.