Өкмөттүк аппараттын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы алмашты. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев 24-сентябрда өз каалоосу менен кызматынан кетип, ордуна Бекжан Супаналиев дайындалган.
Алмаз Бейшеналиев бул кызматты 2017-жылдын ноябрь айынан бери аркалап келген.
Супаналиев Бекжан Төрөбаевич 1977-жылдын 11-июлунда Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Башкаруу жана социология факультетин аяктаган.
2000-жылы Бишкек шаарына караштуу "Жаштык" республикалык жаштар борборунун директорунун орун басары;
2001-2004-жылдары президенттик администрацияда референт;
2004-2010-жылдары Кыргыз Республикасындагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин өкүлү;
2011-2012-жылдары президенттик аппараттын аймактык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүм башчысынын орун басары;
2012-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу секторунун эксперти;
2014-2015-жылдары өкмөттүк аппараттын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
2015-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
2016-2017 жылдары өкмөттүк аппараттын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.