2019-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 149,6 миллиард сомду түзүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Ал бюджеттин өсүшүнө жана өндүрүшкө "Кумтөр" алтын кенинин мааниси зор экенин белгиледи.
“Бүгүнкү жыйындын негизги маселеси – “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору. Бул абдан маанилүү, ошол эле мезгилде өтө жопкерчиликтүү документ.
Бул жылы соода тармагында 5,5 пайыз өсүш болду. Дан эгиндеринин жалпы 90 пайызы орулуп бүттү. Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы 125 миң тоннага көп дан эгини жыйналды. Капиталдык оңдоп-түзөө жана социалдык маанидеги курулуш иштеринде сентябрь айына карата 21 мектеп жана бир катар курулуш иштери аяктады. Жыл аягына чейин 66 объект бүткөрүлөт. Муну көзөмөлгө алабыз”, - деди Абылгазиев.