Борбордук шайлоо комиссиясы 2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
Шайлдабекова бөлүнгөн акчадан баш тартууну буга чейинки шайлоолорду өткөрүүдө келип түшкөн акча каражаттары бар экендиги менен байланыштырды.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев БШКга 2019-жылга карата 21 миллион сомдон ашык акча бөлүнө турганын айтып, эгер кереги жок болсо бөлүнө турган акча башка тармакка жумшаларын айтты.