Быйыл мамлекеттик бюджет 150 миллиард сом деп болжолдонсо, анын 28 миллиард сому тышкы карызды төлөөгө кетет. Бул тууралуу 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Анын айтымында, жылдык бюджеттин 20 пайызы карызды төлөөгө кетет.
“Тышкы жана ички карыздар мамлекетке бир топ эле оорчулук алып келүүдө. Карыздарды төлөө үчүн каржы министринин жүрүгүзүп жаткан иштери жетишсиз. Сырткы жана ички карыздарды төлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек. Карызды төлөө үчүн быйыл 28 миллиард сом бөлүнсө, 2019-жылы 29,3 миллиард сом мамлекеттик карызды төлөөгө жумшулат”, - деди Абылгазиев.
Ошондой эле ал көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чараларды көрүүгө токтолуп, иштейм деген жарандарга шарт түзүп берүү керек экендигин айтты.
“Бүгүнкү күндө экономиканын баары учурда "Кумтөр" кенине байланууда. Президенттин демилгеси менен жарыяланган аймактарды өнүктүрүү саясаты – бул өзүн-өзү багып жаткан жарандарга шарт түзүп берүү. Экономиканы өнүктүрүү үчүн кен байлыктарды жана энергетиканы туура пайдалануу керек. Чакан ишканаларга салык жагынан жана мыйзам жагынан жардам берүү керек. Иштейм деген, өз жанын багам деген жарандарга бардык тараптан колдоо болуусу керек”, - деди өкмөт башчы.