Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.
Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна саясат таануучу Марат Казакбаев жооп берди.
Казакбаев жаңы кадрларды иштетип, иши аркылуу баалаш керек деген пикирде.
"Учурда кадр маселеси механизмдер боюнча туура эле тандалып жатат, бирок келген кадр кандай иштейт, ошого баа бериши зарыл. Негизи кадр маселесин Мамлекеттик кадр кызматы карап, ошолор иш алып барыш керек. Ар бир саясий күч өзүнүн талапкерин өткөрүүгө аракет кылат, ошону тандоону кадр кызматы дыкат кароо абзел. Кимдер, кандай адамдар келип жатат ошолорду көзөмөл кылуу шарт.Азыркы келип жаткан кадрларга ишеним бар, такыр эле каралап отура бергенде болбойт, иштеп көрсүн, иштесин. Ар бир дайындалган жаңы кадр иштеп, өзүн иши менен көрсөтүшү керек", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Феликс Кулов, Асия Сасыкбаева, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Динара Ошурахунова, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.