Укук коргоочу Калича Өмүралиева: "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга "2" деген бааны коём"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.

Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.

Ал бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрлар кесипкөй эмес, мамлекеттик кызматтарда иштебеген адамдар деген пикирде.

"Азыркы келип жаткан кадрларга "2" деген бааны коём. Кесипкөйлөр эмес, мамлекеттик кызматта иштебегендер келип жатат. Эч нерсе билбейт. Кагаз жазганды, ооз ачканды билбейт. Жумушун билбегендер иштеп жатат. Ошондуктан биздин бийлик аман эле болсун. Мисалы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова аталган системде бир күн да иштеген эмес. Ошондой эле анын орун басары Лунара Мамытова дагы бул тармакта иштеген эмес. 30 жылдап ошол системде иштеп жаткандар талаада калып жатат. Министр же министрдин орун басары боло алышпаса анда 30 жыл 5 миң сом айлык алып эмнеге иштешти? Бишкек шаарынын мэри кылып курулушчуну койду. Бул, албетте, туура эмес", - деди Өмүралиева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асия Сасыкбаева, Феликс Кулов, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, саясат таануучу Марат Казакбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан