КҮНСЕРЕП: Сөзүнө добушу төп келбеген парламенттен "сюрприз": Чекист Мамытов эми акыйкатчы

Бүгүн, 26-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Учурдагы бийлик, учурдагы парламент кадрдык саясатта элдин үнүнө, жарандык коомдун жөндүү эскертүүлөрүнө, конструктивдүү сындарына кулак салбай турганын көрсөттү. Жогорку Кеңеш бүгүн 79 добуш менен УКМКнын мурунку жетекчилеринин бири Токтокүчүк Мамытовду акыйкатчы кызматына шайлады.

Токон Мамытовду КСДП фракциясы талапкер катары көрсөткөндөн тарта өтө көп сындар айтылып жаткан. Бирок 79 депутат мындай сындарды кулак сыртынан кетирди. Жарандык активисттер колдоп, ишеним көрсөтүп жаткан Канатбек Азиз 19, Рита Карасартова 9 гана добуш алды.

Токон Мамытов 14-сентябрда КСДПнын фракциялык жыйынында акыйкатчылыкка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн. Анда фракция тарабынан талапкерлердин ичинен документин жөнөтпөгөн, кызматка барам деп өзү суранбаган, жок дегенде эки барак кылып программасын жазып берүүгө жарабаган Мамытов тандалып алынганы талкууга түшкөн эле. Бул жагдайлардан тышкары да Мамытовдун акыйкатчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы бир топ олуттуу себептер айтылган. Эң негизгиси – мамлекеттик машинанын жазалоочу бутагында, УКМКда иштеп, генералдык чинге жеткен, өмүрү бир да жолу жарандардын укугун коргоо тармагында эмгектенбеген, пенсияга чыгар курактан өткөн адам экендиги. Мыйзам боюнча акыйкатчы 65 жашка чейинки куракта болушу керек. Мамытов 3 айга жетпеген убакытта 65 жашка толот.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп шайланышына каршылыгын билдирип жатышты. “Мындай элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар? Бишкектин мэри, министрлер, соттор... Ушуларга алып келген талапкерлердин бирине да эл ыраазы эмес”, - деди эл өкүлү Жанар Акаев. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков “Өмүр бою адамдын укугун уурдаган жана кордогондор азыр адамдын укугун коргойм деп жатышат. Эл аралык уюмдарга кантип айтабыз?” деп суроо салды. Эл өкүлү Наталья Никитенконун айтымында, Токон Мамытов укук коргоо системинин бир бөлүгүндө, ал эле эмес, президенттик администрацияда да иштеп калгандыктан, акыйкатчылык кызматка келбеши керек. “Өзү ошол системден чыкса, анан кантип ошол системге каршы күрөшөт?” - деп суроо салды Никитенко. Айрым депутаттар Мамытовдон карьера жасоонун ийгилик сырларын бөлүшүүнү да сурашты. Бирок эртеден кечке чейин созулган талкуу, анда айтылган пикирлер добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир кыла алган жок. Андыктан Токон Мамытов шайланганы жарыяланган мүнөттөн тартып эле Жогорку Кеңештин депутаттарына “бийликке кылчактама, өз позициялары жок” деген сындар жаай баштады.

Бийликтин кадр саясатында коомдук пикирди четке кагуу, укмаксан-көрмөксөнгө салуу, баарынан да муну көндүм көрүнүшкө айлантуу эмнеге алып келиши ыктымал? Ош шаарынын мэри, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун соңку судьясы... Эми акыйкатчылык. Кезекте дагы кайсы кызмат күтүп турат? Өлкө башчысы БУУнун трибунасында сөз сүйлөп, өлкө парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунан тайбайт деди. Парламенттик өлкөдө президентти депутаттар шайлайт. Мындай өз ою, позициясы, принциби жок депутаттык корпуска президентти шайлоону ишенип тапшырууга болобу?..

“Уулум соттолгону турат, акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө аттандым”. Бул тууралуу SUPER.KG’ге кечээ билдирген 63 жаштагы Сайтраим Абдилатов чындык үчүн өлүмгө да даяр экенин, 4 күндөн бери жөө жол жүрүп борборду көздөй келе жатканын айткан. Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургуну Абдилатов 21 жаштагы уулу ак жеринен кылмышка шектелип, тергөө изоляторунда кармалып отурганын билдирген. Акыйкаттык издеген жарандын айтымында, 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. 10 күн мурда Абдилатовдун уулу кылмышка шектүү катары кармалган. “Ошол түнү уулум досу экөө унаа менен Кызыл-Кыя шаарына барган, бирок Караван айылына чейин жеткен эмес. Ошондон бери тиешелүү органдардын баарына кайрылып чыктым. Жыйынтык жок”, - дейт Абдилатов. Акыйкаттык издеген жаран уулунун ишине байланыштуу шектүү жагдай бар экенин, аны жактоочу көрсөткөн видеодон байкаганын билдирди. “Видеодон ак түстөгү Жигули үлгүсүндөгү унааны көрдүк. Милиция бөлүмүнүн башчысы да ошондой унаа айдайт. Балама күнөө артууга катуу аракет жүрүп жатат”, - дейт ал.

Бул окуя жарыялангандан кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова Сайтраим Абдилатовдун уулу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында белгисиз айдоочу автоунаа менен Араван районундагы Найман айылынын 41 жаштагы тургунун сүзүп, качып кеткен. Жол кырсыгынан жабыркаган адам окуя болгон жерде каза болгон. “Тергөөдө Баткен районунун Бужум айылынын 20 жаштагы тургунуна таандык болгон Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып кармалган. 21 жаштагы жаран 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деди Юсупова.

Бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы Сайтраим Абдилатов жолдон туугандары аркылуу артка кайтарылганын маалымдады. "Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча акыйкат тергелишин министрлик өз көзөмөлүнө алды. Учурда иликтөө иши башталды", - деп кабарлашты ИИМден.

Укук коргоо органдары жана соттор боюнча реформаны, андагы коррупцияны жоюуну мамлекет башчысы башкы миссиям деп кабыл алган өлкөдө акыйкаттык издеген ата жөө-жалаң борборду көздөй жолго чыгууга аргасыз. Өлкөдө бийлик алмашканына 1 жылга жакын убакыт болду. Өзгөрүү болдубу, өзгөрүүнү жарандар өз жон териси менен сезип жатышабы? Жооп түшүнүктүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан