Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Гуревичтин билдирүүсү боюнча маалыматты угуу учурунда депутат Дастан Бекешев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду журналисттерге ачык маалымат берүүгө чакырды.
"Гуревичтин маегине байланыштуу, Башкы прокуратура, журналисттерге "биз буга байланыштуу текшерүү өткөрөбүз" деп билдирген экенсиздер. Эмнени текшересиздер? Ким АКШга барып келгенин кадр бөлүмүнө чалып, барып келген адамдан сурап эле жоопту тез айтса болот да. Иликтөө жүргүзүп, анан маалымат беребиз деп айтканыңар туура эмес", - деди Бекешев.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов журналисттердин суроолоруна өз учурунда жооп берүү үчүн өндүрүштөгү иштердин баарын окуп чыгуу керектигин айтты.
"Бизде өндүрүштө токтоп, кайра жанданган иштер - 46 том. Бир адам 2 айда да окуп бүтпөйт. Ошонун баарын окуп, туура маалыматты берүү үчүн бизге убакыт керек. Биз баарын тактап кийин маалымат берели дегенбиз", - деди башкы прокурор.
Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.
Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, ал менен жолукканын айткан.