Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна экс-депутат Ыргал Кадыралиева төмөндөгүдөй жообун берди.
Кадыралиева бүгүнкү парламент кайсы маселеде болбосун өз эркиндигин көрсөтө электигин, болгону бийликтин пикири кандай болсо ошону көрсөтүүдө деген пикирде.
"Жаздагы парламенттин чечкиндүү болуп калышы деле бийликтин позициясы болчу. Ал кездеги бийликтин позициясы мурунку бийликтин жасаган мыйзам бузууларын алып чыгайын дегени үчүн жаздагы парламент коомчулукка маселелерди ачык айткандай көрүнгөн. Мен парламенттин жаздагы ишине эркин деп баа берген эмесмин. Балким, мурунку “шефтеринин” колунан чыгып эркин боло түшкөндүр, бирок бүгүнкү “шефтеринен” эркин болуп, кайсы маселеде болбосун өз позициясын көрсөтө элек. Жаздагы ЖЭБ боюнча маселедеги парламенттин пикири ошол кездеги бийликтики, азыркы парламенттин ою деле азыркы бийликтин пикири. Ошол себептен парламентти эркин болуп кетти деп айтуудан алысмын. Депутаттардын кечээки акыйкатчыны тандоодогу “сиз акыйкатчы болууга татыктуу эмессиз” деген көз карашын популизм катары бааладым. Черчиллдин төмөнкүдөй мааниде айткан сөзү бар, “Биз кичине болсо да иш кылыш үчүн иштедик эле, азыркы саясатчылар элдин алдында кимдир-бирөө болуп калыш үчүн гана иштеп жатат”. Популист депутаттар элдин мактоосунда, эл оозунда болуш үчүн гана иштеп жатышат", - деди Кадыралиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий серепчилер Марс Сариев, Орозбек Молдалиев,"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.