Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков өз пикирин билдирди.
Асанбековдун пикиринде, бүгүнкү парламенттеги депутаттардын деңгээли төмөн.
"Мыйзамда парламенттин ролу абдан жогору, бирок Жогорку Кеңештеги партиялардын, депутаттардын деңгээли төмөн болууда. Ошол себептен өз кадыр-баркын түшүрүп алууда. Жазда саясий оюндар болуп, чуулгандуу коррупциялык окуялар чыгып, парламент активдүү аралашкан үчүн элде үмүт пайда болгон. Чындап келгенде ал иштер популисттик иштер менен башталган, коррупциялык иштер бир күндө башталган эмес да, бул системдүү түрдө уланып келе жаткан нерсе. Эл ага маани бербей эле популисттик темага ишенип, парламенттин деңгээли эл арасында өскөн. "Жөжөнү күздө сана" дегендей, ишинен жыйынтык чыкпай калып иш жүзүндө сапаты төмөн болуп жатат.Кечээки акыйкатчыны шайлоо тууралуу айтсак, кадр маселеси ачык эшик аркылуу жүргөн жок. Тымызын сүйлөшүлүп эле добуш берүүгө чыгарып коюшту. Эл өкүлдөрү элдин пикири менен эсептешкен жок", - деди Асанбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, экс-депутат Ыргал Кадыралиева, саясий серепчилер Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.