27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдин жакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата Убактылуу өкмөт туура эмес маалымат таратып салганын айтты.
“Бул маселенин ачылбай жатканына 3 себеп бар: Биринчи себеп. Убактылуу өкмөттө бийликке келгенде Бакиевге карата койгон дооматтары калп болгон. "Ак Үйдүн үстүнөн көзгө атар мергендерди кармадык. Алардын 17си жер төлөдө жатат" дешкен. Ошону көрсөтө алган жок го. Калп болуп чыкты. Миллиондогон долларды алып чыгып кетти дешти. Бакиев кийин Орусиядан келген 300 миллион доллар Кыргыз өлкөсүнүн эле эсебинде жатканын айтып чыкты да. Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышты. Кийин ызы-чуу болуп баштаганда Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуп тынышты. Эч ким жооп берген жок. Акчаларды кайтаруу аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Себеби бийликтин айткандарынын баары жалган. Мен буга чейин эле буларды айтып чыккам.
Экинчи себеп. Иштин ачылбашына Бакиевдин бийлигинен кийин келген кишилердин сабатсыздыгы, чабалдыгы, иштин көзүн билбегендиги себеп болууда. Азыркы бийлик да бул маселеде аракети жок эле отуруп калат.
Үчүнчү себеп. Бир топ бийликтен кетип, кайра эле ошол топтун ичиндеги адам бийликке келсе, анда маселе жабык бойдон кала берет. Өнүккөн өлкөлөрдүн шайлоолорунда сөзсүз оппозиция жеңип чыгат. Мурункулардын ишин чукуп чыгыш үчүн эл атайын ошондой тандоо кылат. Бийлик канча комиссия түздү, бирок биринин да жыйынтыгы чыккан жок”, - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, экс-депутат Улукбек Кочкоров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.