Экс-элчи Кубан Мамбеталиев: "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтаруу маселеси чечилбей жатканында себептер бар болсо керек"

27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдинжакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев жооп берди.

Ал экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге бул маселе боюнча кайрылганын айтты.

“Лондондо эл аралык каржы уюму бар. Бул өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди кайтара турган уюм. Уюм менен келишимди мамлекет башчылары түзөт. Келишимди түзгөндөн кийин мамлекеттин булактары ачылат. Ошол булактар аркылуу акча кайсы жак менен, каяктан чыгып кеткени тууралуу изилденет. Алар акча мыйзамсыз чыгарылганын негиздеп кайтарганга укуктуу. 2010-жылы уюмга аталган маселе боюнча кайрылгам. Алар бул боюнча ошол кездеги президент Роза Отунбаевага кат жазышкан. Катка “алдын ала төлөм бере албайбыз” деген жооп келген. Алдын ала төлөмдү акчаны кайтаргандан кийин берели деп уюм менен сүйлөшкөм. Алар макул болушкан. Алдын ала төлөм катары кайтарылган акчадан 1 пайыз төлөнөт.

Бул боюнча уюм Отунбаевага алдын ала төлөмсүз иш алып баралы деп кайра кат жөнөтүшкөн. Отунбаева катты ошол учурдагы вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровго тапшырган. Бекназаров уюмдун өкүлдөрүн Кыргыз мамлекетине чакыралы деген сунуш айткан. Алар келгенде Бекназаров ар кандай шылтоолорду айтып, жолугушууга келбей коёт. Алар абалды түшүнүп, "бул убактылуу президент жаңы мамлекет башчы шайланганда иш алып баралы" деп сунушташкан. Анан президент болуп Алмазбек Атамбаев шайланды. Уюмдан Атамбаевге кат менен кайрылышты. Андан дагы жыйынтык чыккан жок. Бул каттардын негизинде гезитке жарыяласам дагы жооп болгон эмес. Маселенин чечилбей жатканында себептер бар болушу мүмкүн. Бүт каржы булактары ачылып, текшерилгенде, күтүлбөгөн булактар ачылып калат деген коркунуч болсо керек . Жыл өткөн сайын каржыны кайтаруунун изи азая берет. Айтылган акчанын жарымы коротулуп кетиши мүмкүн”, - дейт Мамбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутат Улукбек Кочкоров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан