Саясатчы Азимбек Бекназаров: "Президент өзүнүн аткарган иштери боюнча жыл сайын отчёт берип турса, эч убакта ажыдаарга айлана албайт"

Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди.

Ал белгилегендей, Конституцияда жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу деп жазылганы менен бул мыйзам иштебейт.

"Эл шайлаган президент менен Жогорку Кеңеш элдин, шайлоочулардын алдында отчёт берип турушу керек. Жок дегенде жыл сайын өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт берип турса эч убакта ажыдаарга айлана албайт. Тилекке каршы, биздин Жогорку Кеңеш, президентибиз дагы өзүнүн шайлоочуларына акыркы 10 жылдын ичинде отчёт бербей калды. Ошондуктан Туруктуу элдик кеңеш курултай институту аркылуу президенттин, Жогорку Кеңештин жыл сайын отчёт берип турушун сунуштаганбыз. Алар "2" деген баа алып калбайлы деп курултайдан коркот. Курултайда алардын иши "канааттандырарлык эмес" деп табылса, президент кызматтан кетет же Жогорку Кеңеш таркайт", - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, журналисттер Нарын Айып, Бермет Букашева, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан