Парламенттин комитет жыйынында Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү сунушталууда

Бүгүн, 2-октябрда парламенттин комитет жыйынында Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү сунушталууда. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева аталган институт тергөө органдардын иш аракеттерине түшкөн арыздарды карай турганын айтты.

Мыйзам долбооруна ылайык, тергөө судьясы шектүүнүн, айыпталуучунун эркиндигин жана укугун чектөө боюнча чара көрүүчү, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечимин жана процесстик иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

Бул институтту ишке киргизүү үчүн соттордун санын 56 штаттык бирдикке көбөйтүү жөнүндө сунушталууда.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде аталган мыйзам долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан